РЕЦЕНЗИЯ
Кыял, 2022: Канаттарым жайылганда
Кайыргүл Абдырахманова
«50 сом», «Тирүү жана өлүк», «Сүрөтчү жана жүгөрү» кыска метраждуу тасмалардын режиссеру, ондон ашык тасмалардын койгон оператору Санжар Абдыжапаровдун «Кыял» атту тасмасы КМШ өлкөлөрүнүн «Үмүт» жаштар кино форумунда тартууланып, калыстардын атайын дипломуна ээ болду. Тасма азыркы учурда актуалдуу болгон үй-бүлөдөгү зомбулук, анын балага тийгизген таасири, зомбулуктун өзөгү жана кесепеттери, билим алуунун зарылдыгы, жакын-туугандардын колдоосу сыяктуу темаларды козгойт.

"Кыял", 2022

Кыжалат обон, кыш, күңүрт бөлмө. Кыялдын бир чети жек көрүү, бир чети коркууга толгон көз карашы. Кызынын тарткан сүрөтүнөн үйдө уруш-талаш көп болоорун түшүнсөк болот. Кыялдын узун, катуу түйүлгөн чачы анын кайраттуулугу менен бирге чектелип, кысым алдында турганын айтып тургандай.

Кыял Москвада тез татым жайында иштеп, ийгилиги үчүн мыкты кызматкер наамы менен сыйланат. Сыйлык тапшыруу аземине кийим карап жатып көңүлүнө жаккан көйнөктү “Кийин канатым жайылганда эле албасам...” деп албай коет. Аны байкаган курбусу Кыялдын сыйлык тапшыруу аземинен бир күн мурда боло турган туулган күнүнө ошол көйнөктү белек кылат. Күйөөсү адатынча кызганып Кыялды ур-токмоко алгандан кийин Кыял кызы менен Бишкекке кайтууга мажбур болот.

Тасмадагы маектер бир туруп көзгө илинбеген адаттарды байкоого жардам берсе, бир туруп карама-каршы сезимдерди жаратат. Маселен, «Мамабыз, кыйын болуп кеткен го. Эртеңки күнү директор болуп калба?!» деген сүйлөм күлкү аралаш айтылганы менен, тамырында Кыялдын жетишкендиктеринин баркын кетирүү, кемсинтүү жана басмырлоону көздөйт. Кыялдын кызына айткан насааты, билим алууну эңсеген каармандан кененирээк түшүндүрмө күткөңдүктөнбү “Сабакка барганда жакшы оку макулбу?! деп башталып “Келечегиңе кереги тиет” деген “жалпы” аргумент менен уланганы бир чети кейитсе бир чети ойлондурду.

Кыял Бишкекке келгенден кийинки окуянын өнүгүүсү тасманын башынан эле анык болгону менен, Кыялдагы өзгөрүүлөрдү, анын ийгиликке жеткенге чейинки жолун көрүү, деги эле “Кыял” деп аты айтып тургандай, баш каармандын кыялы менен таанышуу кызык болду. Тилекке каршы, каармандын өткөн чагы менен келер чагы тең салмактуу баяндалбай, эң күтүлгөн жана ток этер жери кадрдан-кадрга аттап, шашылыш көрсөтүлгөндүктөн, тасманын аягына жеткенде деле Кыял бейтааныш бойдон калып калды.

E-mail kinodepter@gmail.com
Made on
Tilda