манифест
КИНО ДЕПТЕР
Султан Усувалиев,

Кыргызстан киносынчылар ассоциациясы

Моюнга алыш керек: биз кыргыз киносунда эмне болуп жатканын билбейбиз. Расмий түрдө – «баары жакшы». Балким, тескерисинчедир: биздин кинематограф киризиске кептелип, бир орунга казыктай кагылып калгандыр? Бул да белгисиз.

Кинематография таңылуу көздөр менен белгисиз тарапка чалыштап бараткандай сезим жаралат: баратабы, же ордунда турабы, бараткан болсо, кайда баратат?

Жалпы жонунан бул жагдай бизде кинопроцессти талыкпай талдап турчу кесипкөй киносынынын жоктугунан болуп жатат.

Эмнеге ал жок? Кинематографисттерибиз сүйлөгөн сайын «бизге сын керек», «бизге анализ керек», «бизге чындык керек» деп сайрап жатышпайбы. Дайым эле өнүгүү, өсүү тууралуу саймедиреп коюп, ордубузда кыймылдабай жер таптап тура берген укмуш өнөрүбүз бар да. Караңгы бөлмөбүз караңгы бойдон калыш үчүн баарыбыз үн-сөзү жок келишип алган сыңары, бирибиз экинчибизге жарыкты күйгүздүрө койбой, колдордон кыса кармашып тургандайбыз.

Биз канчообузбуз – кинематографисттер канчоо? Биздин кымындай мамлекет үчүн бул өтө эле аз сан да. Киноөндүрүштүн көлөмүн айтпай эле коелу. Ошол аз саныбыздын ичинде эле канча көйгөй бар: топторго бөлүнүү, карама-каршылыктар. Анткен менен баарыбыз расмий түрдө «баары жакшы» болгонуна, жыртык байпактын бут кийим ичинде жашыруун калганына көнгөнбүз. Сынга болгон итиркей да ошондон.

Сын «автордун» өзүн-өзү өлүп-талып сүйүүсүнө тоскоол болот. Сын тымпыйып алып, тымызын акча тапканга тоскоол болот. Бул, албетте, сын касса чогултканга таасир берет дегендик эмес – таасир бербейт. Бул - сын касса чогулткан тасма сөзсүз эле жакшы эмес экендигин талдайт дегендик.

Биз болсо режиссердун көзүнө башканы, артынан таптакыр башканы айтып жүрүп, атмосфераны булгап жатабыз.

Баарын катары менен башынан сылап, канча эмгек кеткенин түшүнгөн болуп мурдунан өпкүлөй берген «сыпайы», «толеранттуу» сындын кимге кереги бар? Эң башкысы, мындай сыпайыгерчилик кинематографиянын өнүгүшүнө эч качан өбөлгө болбойт. Ооба, олуттуу талдоо жүргүзгөн академиялык сын бар (андайга да жетербиз), бирок бизге каруулуу, азуулуу киносын, кинопублицистка керек. Киносынчыга режиссердун ыраазычылыгын издештин, же тескерисинче ага душман болуштун зарылдыгы жок. Эмне кылса да (ар кимдин ар кыл мүнөзү бар да) дайым чындыкты чыйрыктыра айтып турган дос болсоң жана сенин чынчылдыгыңдан башкалар шектенбесе, ошол жетиштүү.

Бир кездерде Төлөмүш Океев студияда эч ким бири-бирине чындыкты айтуудан тайманбаганы үчүн Кыргыз керемети жаралганын айтыптыр. А бизчи?

Киносыны жок (жалпылаганда – кино таануу) тарых да жок: тарыхты мына ошолор жазышат эмеспи. Келечек да жок, анткени киносынсыз көздөрүң таңылуу, ар кадамыңды сыйпалап баскандай болосуң. Бизде кино таануучуларды эч жерде окутпайт. Киносынчыларды да. Мунун да жөнү бар: аларга ким туруктуу жумушту жана айлык маянаны камсыздай алмак?

Азыр бизде кыргыз тасмаларына рецензиялар туруктуу, үзүлбөй чыгып турчу сайт дагы жок.

Биз аны түздүк.

Биз – кыргыз киносу жана аны жасаган адамдар тууралуу алгылыктуу талкуу болбосо, эч кайда жылбашыбызды түшүнгөн, ар кайсы кесиптерден, анын ичинде кино чөйрөсүнөн, чогулган жаштар,

жана аларды киносынчылыкка даярдаган мен, кино таануучу, искусство таануу илиминин кандидаты, Султан Усувалиев, биргеликте бул сайтты ишке жүргүзөбүз.

Баарыңыздарга кайрылабыз: кинематографисттерге, көрүүчүлөргө, кино сүйүүчүлөргө, – биздин авторлор азырынча кесипкөй киносынчылар эмес экенин эстей жүрүңүздөр.

Ошондуктан биздин сайтты кат лабораторясы деп атаганыбыз туура болор. Биз «даяр» болушубузду күтүп отура берсек, эч качан баштабайбыз. Жасай беребиз. Үйрөнгөнчө. Ойногончо.

Анан өзүбүздү атоо да маанилүү. Биз – Кыргызстандагы киносынчылар ассоциациясыбыз.

Эмгегибиздин тарыхый маңызына ишенүү менен – баштайбыз!
E-mail kinodepter@gmail.com
Made on
Tilda