РЕЦЕНЗИЯ

Белек, 2023: Кызы бар үй — кыялдуу үй

Кайыргүл Абдырахманова
Ат коюу – кыргыз элиндеги маанилүү салттарынын бири. Наристенин ысымы тагдырына таасир берет деген ишеним эл ичинде дагы эле бекем жашап келет. Мисалга, сыймыктуу уул болсун деп эркек баланы “Сыймык” аташса, акылы айдай тунук болсун деп кыздарга “Акылай” ысымын ыроолоп, ат коюууну аруу тилек менен байланыштырганга аракет кылышат. Балдары токтобогон үй-бүлөлөр жаңы төрөлгөн ымыркайга Турат, Бекбол, Темиргүл сыяктуу ысымдарды коюшкан. Ошондой эле арты-артынан кыз балалуу болгон үй-бүлөлөрдө кийинкисине уул тилек кылышып, кыздарынын ысымдарын Кызжетет, Уулкан, Уулболсун атап келгендер арбын

"Белек", 2023

Жети жашар шайыр, тапан Арноо (толук аты Уулгаарноо) беш кыздуу үй бүлөнүн эркеси жана атасына эң жакыны. Арноо узун чачын жашырып, шым кийип, өзүн эркек баладай алып жүрөт. Ошентсе, эркек төрөбөгөн апасын кысымдан, ал эми атасын шылдыңдан арылтарына ишенер эле. Күндөрдүн биринде Арноо эрининдеги меңи сыйкырдуу экенин угуп калат. Бул ачылыш ал үчун трагедия менен аяктайт.

Тасма Дальмира Тилепбергендин «Эра нелюбви» аттуу романынын жана турмуштук окуянын негизинде тартылган. Тасмада башкы каармандын өзгөрүү жолу менен бирге коомубуздагы гендердик стереотип, буллинг, ата-эне менен балдардын ортосундагы мамилелер жана үй-бүлөдөгү көйгөйлөр көтөрүлгөн.

Уулду болууну эңсеген Ыйман кыздарына ырымдап Сандажок, Арноо, Жаңыл, Адаш жана Бурул ысымдарын ыйгарган. Бирок алардын апасы Уултуу бул ырымды жактырбайт. Ошондуктан, улуу кызына Сангам, ал эми эгиздерге Гита, Зита жана Рита деп жакшы көргөн индия тасмаларындагы каармандардын аттары менен кайрылат. Бул иш аракетти Уултуунун ырымга карата каршылыгынын жана кыздарына колдоо көрсөтүүнүн бир жолу катары караса болот. Эмне себептен индия каармандары деген суроо жаралышы мүмкүн. Уултуунун балачагында индия тасмалары көбүрөөк көрсөтүлгөн жана ыр-бий, түстүү кийимдер менен коштолгон тасмаларда аялдын коомдогу орду, үй-бүлөлүк баалулук, кысымга каршы күрөшүү, адилеттиктин орношу, социалдык теңсиздик сыяктуу темалар чагылдырылып көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырган эмес (Маселен: «Гита, Зита» тасмасы).

Тасмада уул чакырып ат коюу салтынын ысым ээсинин жан дүйнөсүнө, өзүн кабыл алуусуна тийгизген таасиринен тышкары, айрым адаттардын үй-бүлөдөгү баарлашууга тийгизген таасирине да көңүл бурулат. Мисалы, Арноонун берген суроолоруна атасы менен апасы «жаман болот» же «бар ойночу», «тур, апаңа барчы» деп жооп берүүсү. Биринчиден, бул туюк баарлашу адатка айланып калганынын белгиси. Экинчиден, Арноонун суроосунан дагы ой-сезимдерин жоопсуз калгандыгынын белгиси. Анын үстүнө кыргыздарда улуулардын көзүнчө баласын эркелетүүдөн тартынуу дагы эле бар. Бул нерсе Ыйман Арноону атасынын көзүнчө эркелете албай, «Атам карап жатат» деп жашынган эпизоддон даана байкалат. Ошондуктан Арноо атасынан «бизди күттүңөр беле», «мени жакшы көрөсүңбү» деп сураганы таң калычтуу эмес. Бул суроолордун жообу «Ракета» аркылуу тасманын ортосунда берилген. Бирок бул деталдын мааниси романга кайрылбаганда табышмак бойдон кала бермек. Ракета - кыздар ойногон көлчүктөгу суу жылуу болсун деп атасы сууну буруп, кыздарына арнап орноткон белеги экен. Тасмада бул жеткиликтүү болбой калган. Бирок муну түшүнүү жаны кейиген Арноо үчүн гана эмес, баардык Уулболсундар учун маанилүү. Анткени бул белек «мени жакшы көрөсүңбү» суроосунун жообу жана «санда бардыктын» тастыктамасы, кээ бир учурда ата мээрими сөз менен болбосо да иш менен айтыларынын белгиси.

Мындан сырткары, Ыйман менен Сатардын ортосундагы «ашуудагы окуя» Уултуга байланыштуу болгонуна ишара кылынганы менен, ачылган эмес. Ага да жооп табуу үчүн чыгармага кайрылууга туура келди. Ал эми Ыймандын дайынсыз болуп жүрүп, кайтыш болгон учур каармандарга күтүүсүз болгондой, көрүүчүлөргө да күтүүсүздүк жаратуу максатында болушу мүмкүн. Бирок күтүү менен бирге боштук сезими жаралып, арсар абалда калтырат.

Кооз жаратылыш окуяны толуктап, кабыл алууну курчуткан музыка жана актерлор мыкты тандалган. Кичинекей балдар менен иштеш албетте оор, айрым эпизоддордогу кедир-будурлар (Андай эпизоддордун ичинен бир мисал: кичинекей кыздын кайталанма күлкүсү) Таалайкан Абазова жана Жаннат Куручбекованын мыкты оюну менен теңделген.

Жаннат Куручбекова Арноонун образын мыкты жараткан. Айрым эпизоддордо жасалма сезилгенине карабастан, кульминациялык учурларда каармандын сезимдерин жеткире ойногон. Өзгөчө атасын акыркы жолу көргөн эпизоддо Арноонун ички дүйнөсүнүн аңтарылып жатканы, көйнөк кийүү чечимин кабыл алуусу, көз карашында моюн сунуу гана эмес эс кирүү, жетилүү даана берилип, көзгө жаш алдырат. Арноонун өзгөрүүсү, мотивдери, баскан жолу ирээти менен берилген.

Ырым-жырым - социалдык түшүнүктөрдүн, эрежелердин жана баалуулуктардын жыйындысы. Ырым-жырымдар жакшы ниет, тилек менен негизделет. Бирок алардын баары жакшы таасир берип, жакшы жыйынтыкка алып келеби – суроо.
E-mail kinodepter@gmail.com
Made on
Tilda